15

Сентябрь

2021

“Жаңы мектеп — бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол”

*****

Бүгүн 15-сентябрь Баткен районунун Газ айылында жаңыдан курулган Газ орто мектебинин ачылыш аземи өттү. Ачылыш аземине КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР ЖК депутаты Карамат Орозова, КР Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.


Алгач билим берүү министрине Баткен облусунун Баткен районунун аймагындагы курулушу жүрүп жаткан мектеп, балдар бакчалары жөнүндө маалымат берилип, ыйгарым укуктуу өкүл курулуш иштерин ыкчам бүткөрүү заарыл экендигин кошумчалады.


         Ачылыш аземинде ыйгарым укуктуу өкүл сөз сүйлөп, бүгүнкү жаңы окуу жылы, билим күнү менен Газ орто мектебинин окуучуларын, мугалимдерин жана жалпы Баткен облусундагы окуутуучуларды жана окуучуларды куттуктады. 

“Биздин негизги милдетибиз — сапаттуу билим, келечектүү жаштар жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо”.

Облус башчысы аталган орто мектептин мугалимдерине кайрылып: “Адамзаттын энеси мугалим – деген накыл сөз бар, дүйнөдө аты даалайга жеткен инсандарды да жөп жөнөкөй мугалим тарбиялаган. Сиздер да жаңы мектепте жаңыча аракеттер, ыкмалар менен иштеп өлкөбүзгө керектүү делген мыкты кадрларды тарбиялайт деп терээң ишенем” - деп баса белгилеп, жаңы мектепке өз белегин тапшырды.

*****

Ачылыш аземде КР Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов да сөз сүйлөп, бул мектептен эл керегине жараган мыкты патриот уул-кыздар тарбияланарына тилектеш экенин айтып, белектерин тапшырды.

          *****

Андан соң КР ЖК депутаты Карамат Орозова да сөз сүйлөп, жалпы салтанатка катышып жаткандарды билим күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.


Облус башчысы жана билим берүү министри, КР ЖК депутаты жана айыл аксакалдары мектептин ачылышын жасап, окуу кааналары менен таанышты.


           Газ орто мектебинин курулушу 2016-жылдын 15-мартында башталып, анда 225 орундуу эки кабаттуу мектептин имаратынын курулуш иштери жүргүзулдү. Спортзал, актовый зал, ашкана жана котельный каралып сметалык баасы-70,1 млн сом. 2021-жылдын 15-сентябрь тапшырылууда.


           Жалпысынан бүгүн 15-сентябрь Баткен облусунун аймагында жаңы 2021-2022 окуу жылына карата жалпы 249 билим берүү мекемеси анын ичинен 233 жалпы орто билим берүү, 2 мектеп- интернат, 1 сүрөт мектеби 12 жеке менчик мектептери ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жаңы окуу жылын баштады. Жалпы 110 мин 300 окуучу билим алат.


*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.