16
Сентябрь
Министрлер Кабинети ирригация объектилерин оңдоо-калыбына келтирүү иштерине 100 млн сом бөлөт
Үстүбүздөгү жылдын апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын жана селдин натыйжасында талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 100 млн сом бөлүнөт. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Ошондой эле бөлүнгөн каражаттар алкагында дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба обьектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоосу тапшырылды.