24

Сентябрь

2021

Министрлер Кабинети күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн карады

Министрлер Кабинети күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктын жүрүшүн карады


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыгы каралды.

Бул маселе боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы угулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Электр станциялары» ААКга күйүүчү-май ресурстарын сатып алуу үчүн 2,3 млрд сомго бюджеттик кредит берилгенин, «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына карызды жабуу үчүн кошумча 121,4 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Кышкы жылытуу мезгилине тиешелүү даярдык көрүүгө жана андан сапаттуу өтүүгө энергетика жана өнөр жай министри жеке жоопкерчиликте болоорун баса белгилейм. Электр энергиясын керектөө лимиттеринин сакталышын жана бардык мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдар тарабынан электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо өтө маанилүү. Мындан тышкары, отун базаларынын калк үчүн жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздалышын, ошондой эле социалдык мекемелердин отун менен камсыздалышын тийиштүү көзөмөлгө алуу зарыл», - деди ал.

Маселени талкуулоонун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Министрликтерге, ведомстволорго, Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөрдү камсыз кылуу тапшырылды: бюджеттик мекемелерди жана калкты көмүр менен камсыз кылуу (бийик тоолуу калктуу конуштар), жеткиликтүү баадагы отун базаларын жана көмүр сатуу түйүндөрүн (көчмө) ачуу, бөлүштүрүүчү электр компаниялары менен бирдикте бекитилген лимиттердин так сакталышын камсыз кылуу.

Экономика жана финансы министрлигине мектептердин, социалдык мекемелердин жылытуу тутумун оңдоого, ошондой эле республиканын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларына субсидия берүү үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттарды толук көлөмдө бөлүүнү камсыздоосу тапшырылды.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК менен биргеликте 2022-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо боюнча чараларды көрүү үчүн суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздашы керек; белгиленген мөөнөттө Токтогул ГЭСиндеги 4-гидроагрегаттын жабдууларын ташып келүү менен бирге энергетикалык объектилердеги пландык оңдоолорду жана капиталдык курулуштарды аяктоону тездетүү; Бишкектеги ЖЭБге сапаттуу жергиликтүү жана импорттолгон көмүрдүн өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу; өндүрүштүк кубаттуулуктарды жогорулатуу боюнча чараларды көрүү; максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу, анын ичинде электр энергиясынын жоготууларынын деңгээли, акча каражаттарын чогултуу, дебитордук карыздарды, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу, оңдоо иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоосу зарыл.

Тиешелүү министрликке «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте Бишкектеги жылуулук электр борборуна, бюджеттик мекемелерге жана калкка сапаттуу көмүр өндүрүү жана жеткирүү графиктерин камсыз кылуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүсү тапшырылды.

Экономика жана финансы министрлигине Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен бирдикте республиканын аймактарындагы отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө боюнча мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдү камсыз кылуусу тапшырылды.