25
Сентябрь
Улукбек Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерине барды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон гидроэлектростанцияларына барды.
Ал энергетикалык объектилердин өндүрүш жайларын карап чыгып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты жана эмгек жамааты менен баарлашты.
Улукбек Марипов тийиштүү оңдоо иштерин өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү жана объектилерди жылытуу мезгилине карата толук даярдыктан өткөрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы жергиликтүү калк менен жолугуп, алар менен социалдык-экономикалык мүнөздөгү актуалдуу маселелерди, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды талкуулады.