26

Сентябрь

2021

Баткендеги массалык күзгү чуркоо кызуу өттү

*****

Бүгүн 26-сентябрь Баткен шаарында КР Президентинин жарлыгын ишке ашыруу жана дени сак жашоо образын коомчулукка пропагандалоо максатында күзгү чуркоо болуп өттү.


Анда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана Баткен шаарынын тургундары катышты.


Жалпысынан 100 гө жакын адам катышып, алар 3 км аралыкты чуркап өтүштү. Жыйынтыгында эркектер жана кыздар арасында алдынкы орунду ээлегендер үчүн 1-2-3 орунга дилом жана кызыктыруучу белектер жана жашы 60 га жакындаган же 60 дан ашкан катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды. Анан да жалпы катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн облус башчысы ыраазычылык билдирди.


Спорт – бул ден соолук!

*****

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.