28
Сентябрь
Жалал-Абад менен Шаньси провинциясынын ортосунда боордоштук келишимине кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кытайдын Шаньси провинциясынын башчысы Лань Фоань менен онлайн тибинде боордоштук мамилелерди орнотуу макулдашуусуна кол коюшту.
Анын максаты, эки өлкөнүн облустар ортосундагы достук сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, тараптардын өз ара кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөөгө умтулуу болуп саналат.
Облус башчысы өз сөзүндө буга чейин Кытай Эл республикасы менен Жалал-Абад облусунун биргелешкен кызматташтык алакалары, соода-экономикалык, өндүрүш жана социалдык багыттагы иш аракеттерин белгиледи. Алдыда Шаньси провинциясы менен да алгылыктуу жумуштар жасалаарына үмүт артаарын кошумчалады.