01

Октябрь

2021

Жылдыз Бакашова Ысык-Көл облусунун кылым карыта өмүр сүргөн карыялары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында аталган региондун кылым карыткан карыялары менен жолугушту.

Жылдыз Бакашова өз сөзүндө улуу муун тарабынан аткарылган эмгектин өзгөчө баалуу экендигин белгиледи.

«Кымбаттуу ардагерлер! Сиздер биздин жашообузга зор салымыңыздарды коштуңуздар. Сиздердин басып өткөн өмүр жолуңуздар жана жасаган эмгегиңиздер биз үчүн мыкты үлгү болуп саналат. Татаал мезгилдин кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элибиз азыр да республикабыздын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн өз салымын кошот деп ишенем. Сиздерге чың ден-соолук жана бакубаттуулук каалайм», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 8 ардагери жана 100 эмгектин ардагери жашайт жана аларга Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бардык социалдык кепилдиктер жана компенсациялар өз учурунда жана толук көлөмдө төлөнүүдө.

Үстүбүздөгү жылы Ысык-Көл облусунда 100 жаштан ашкан 21 карыяга материалдык көмөк көрсөтүлгөн.