04
Октябрь
Ошто көмүрдүн баасы 5 сомдон жогору болбогон көмүр базалары ачылат
Зиядин Жамалдинов ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.
“ Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч, көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбаган базаларды ишке киргизгиле”,-деди Ош облусунун башчысы.
Президенттин Оштогу өкүлүнүн сунушун ишкерлер колдоп, 15-октябрь күндөн тарта атайын базаларда сатылуучу көмүрдүн баасын 5 сомдон жогорулатпоого макул болушту. Ал үчүн кара алтынты түз, ортомчусуз алып келүү боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми Райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.