09

Октябрь

2021

Исфана шаарында топографиялык жумушчу топтордун кезектеги сүйлөшүүлөрү жүрдү

Тараптардын жетишилген макулдугуна ылайык, 2021-жылдын 5-9-октябрында Кыргыз Республикасынын Исфана шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлду.

Тараптар топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Тажикстан Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өттү.