11
Октябрь
2021
Алайкуудагы китепканага жаңы имарат курулду
Иш-чаранын ачылыш аземине Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кара-Кулжа районунун акими Дамир Кулубаев жана маданият тармагындагы көрүнүктүү инсандар катышты.
Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылындагы №18 Көңдүк китепканасы 1972-жылы ачылган. Азыркы учурда китеп фонду 5665 нусканы түзүп,1177 калкты тейлейт. Аталган китепканага КРнын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маданий курулуштардын жигердүү уюштуруучусу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери-Акун Токтосартовдун ысымы ыйгарылган. 2019-жылы Эл аралык “Руханият” ассоциациясынын президенти Токтосартов Камалдин Акуновичтин жеке демөөрчүлүгү менен китепканага жаңы имарат куруу иштери башталган. Имарат 2021-жылы толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.