11

Октябрь

2021

КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмеги бекитилди

img

Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмеги бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Тизме энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ивестицияларды тартуу максатында бекитилген.

Тизмекте көрсөтүлгөн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо энергетика, алардын максаттуу багыты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган шартта КНС төлөөдөн бошотулат.


Биз социалдык тармактардаFacebookInstagramTelegramYoutube