17
Сентябрь
2021
Нарын облусунун Ат-Башы районунда этти кайра иштетүүчү ишкананын пайдубалы түптөлдү
17-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районунда мал союучу жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын пайдубалы түптөлдү.
Аталган долбоордун жалпы суммасы 77 миллион 700 миң сомду түзүп, “Лист” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курула баштады. Ал эми жалпы каражаттын 50 пайызы ЮСАИД уюму тарабынан каржыланып, ишкананын жабдуулары алынып берилмекчи. Ишкананы куруу үчүн Ат-Башы районунун Кара-Булак аймагынан 35 гектар жер 25 жылга ижарага берилди. Буюрса 7-8 айда курулуш иши аяктап, ишке берилээри күтүлүүдө.
Ишкананын пайдубалын түптөө аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров, “Лист” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эсенбек Өмүргазиев жана айыл аксакалдары, фермерлер катышты.
Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Нарын облусу мал киндиктүү аймак болгондуктан жана жылдан жылга малдын саны өсүп жаткандыктан айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалар аба менен суудай зарыл экендигин белгилеп, мына ушундай шартта мал союучу, келечекте эт азыктарын өндүрүүчү ишкананы курууга бел байлап жаткан “Лист” жоопкерчилиги чектелген коомуна жана ЮСАИД уюмунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. Ишкерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүлөөрүн айтуу менен кайра иштетүүчү ишканаларды продукция менен камсыз кылуу үчүн малдын асылдуулугун арттыруу зарылдыгын, бул боюнча облус боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
“Лист” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Эсенбек Өмүргазиевдин айтымында, жалпы аянты 13 миң 440 чарчы метр аянтты ээлеген имаратта малды кармоочу, мал союучу жайлар, этти кайра иштетип колбаса, тушенка чыгаруучу цехтер, муздаткыч бөлмөлөр жана кызматкерлер үчүн бөлмөлөр жайгашат.-Ишкананын негизги каражатын жеке ишкер Нурлан Өмүракунов каржылап жатат. Ал эми ички жабдуулары грант катары ЮСАИД уюму тарабынан каржыланып, Германиядан алынып келинет. Буюрса кийинки жылдын жаз айлары менен ишке берилип калат. Күнүнө 30 бодо мал, 50 майда жандык сойгонго мүмкүнчүлүк болот. 26 жумуш орду түзүлөт. Малды союп гана бербестен фермерлерден жакшы баада сатып алууну да мерчемдеп жатабыз. Ишканабыз иштеп кетсе Нарын облусунун элине, келечегине жакшы таасирин тийгизет деген тилектебиз”,-дейт Э.Өмүргазиев.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.