22

Сентябрь

2021

Нарын бийик тоолуу аймак катары дүйнөлүк окумуштуулардын медициналык иликтөөсүнө алынды

Нарын шаарында 18-22-сентябрь күндөрү  "Эл аралык Кыргыз-Швейцар бийик тоолуу медициналык жана илимий изилдөө симпозиуму" жана "Дем алуу органдарынын оорулары боюнча  Хl улуттук конгресс" өткөрүлдү.

Дүйнө жүзүндөгү 13 өлкөнүн эң күчтүү дарыгерлери жана окумуштуулары катышып жаткан эл аралык симпозиумда тоолуу аймакта жашаган калкка мүнөздүү оорулар, аларды алдын алуунун, дарылоонун ыкмалары жөнүндө илимий  баяндамалар жасалууда.

Симпозиумдун салтанаттуу бөлүгундө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Швейцариянын Цюрих университет госпиталынын пульмонология клиникасынын жетекчиси, профессор Konrad E.Bloch,  "HERMES" Европа билим берүү программасынын директору, профессор Silvia Ulrich жана башкалар симпозиумдун тоолуу региондун элинин саламаттыгы үчүн зарылдыгына токтолушту.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алияскаровдун  айтымында, бул абдан чоң масштабдагы калкыбыздын ден соолугу үчүн маанилүү иш чара. Себеби бийик тоолуу аймактарда жашаган калктын оорулары, аларды алдын алуу, дарылоо ыкмалары боюнча дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан эң баалуу баяндамалар жасалып, талкууланып жатат. Бул биринчи кезекте биздин облустун дарыгерлери үчүн  пайдалуу. 

Иш чара Швейцария мамлекетинин колдоосу менен жүзөгө ашууда. Швейцариялыктардын жардамы менен Кыргызстан, анын ичинде Нарын облусу бийик тоолуу аймак катары дүйнөлүк  окумуштуулардын изилдөөсүнө алынды. Бул симпозиум быйыл экинчи жолу өтүп жатат. Кийинки этаптарында ооруну алдын алуунун, дарылоонун ыкмалары жүзөгө аша баштайт. 
Буюрса долбоордун алкагында Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө  базасы уюштурулаары сүйлөшүлдү. Болжол менен 80 миң доллар каражат жумшала турган бул долбоор кийинки жылы ишке ашаары күтүлүүдө. 
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.