29

Сентябрь

2021

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылоо алкагы кеңейтилет

29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрүлүп, фонддун каржылоо алкагын кеңейтүү маселеси талкууланды. 

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков баштаган фонддун өкүлдөрү, Нарын облусунун ишкерлери жана банк кызматкерлери катышты.

Иш чарада чакан жана орто бизнести колдоо максатында Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча кенири маалымат берилип, фонд тарабынан берилип жаткан насыяларды алуудагы көйгөйлөр ортого салынды. Фонддун ишмердүүлугун жакшыртуу, алкагын кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Жыйынды алып барган облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев Россия-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан башка облустарга салыштырмалуу Нарын облусуна каржылоо аз экенин, ишкерлер тарабынан күрөөгө коюлган мүлктөр аз баада бааланып, насыя алууда кыйынчылыктар болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле башкармалыктын төрагасы Артем Новиковго облустун климаттык шартына ылайык күрөө маселесин кайра карап берүү, насыя алууда каникулдун мөөнөтүн узартуу, лизинг аркылуу техникаларды алуу, насыянын пайыздарын ай сайын эмес алты айда, же кварталына бир төктүрүү боюнча сунуштарын билдирди.

Артем Новиков буга чейин Нарын облусунда 90 долбоор каржыланганын, алардын 70 пайызы айыл чарба өндүрүшүнө жумшалганын айтты. Бул албетте жетишсиз экенин белгилөө менен колдон келишинче аймактардагы долбоорлорду көбүрөөк каржылоого аракет көрүлөөрүн айтты. Өлкө башчысынын тапшырмасына жана фонддун приоритетине ылайык аймактарга көбүрөөк көңүл буруп, жумуш орундарын түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ишкерлерге бизнес-план түзүү маселесинде колдоо көрсөтүлөөрүн маалымдады. 

Жыйында ишкерлер Россия-Кыргыз өнүгүү фондунан насыя алуудагы көйгөйлөрдү ортого салып, сурооруна жооп алышты. Башкармалыктын төрагасы А.Новиков айрым ишкерлердин маселесин жеринде көрүп, чечип берээрин билдирди. 


КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.