01

Октябрь

2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо таза, ачык өтүшү керек


Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо  ачык-айкын, таза, эч кандай административдик ресурс колдонулбай өткөрүлүшү керек. 

Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйынында кеңири сөз болду.  

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана райондун акимдери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышты. 

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы, республикалык штабдын төрагасы Марат Иманкулов буга чейин өткөрүлүп келген шайлоолордогу мыйзам бузуулар, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, административдик ресурс колдонуу фактылары элдин нааразычылыгын жаратып, анын натыйжасында 3 жолу революция болгонун, бул жолку шайлоо таза, ачык өтүп тарыхка бурулуш жасашы керектигин белгиледи. Ал өз сөзүндө: “Биз элдин мамлекеттик бийликке, шайлоого болгон ишенимин кайтарышыбыз керек. Бул биздин мамлекет башчыбыздын саясий эрки. Шайлоону таза өткөрүү үчүн мурдагы мыйзам бузуулардын баарын алдын алып, коомдук, укуктук коопсуздукту, тартипти камсыздап берүүбүз зарыл. Бардык партияларга бирдей шарт, бирдей мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Бардык жагдайлар укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот. Элди үгүттөө иштеринде мыйзамдуу жол менен ким ынандыра алса, ошолордун партиясы өтүүсү, парламентке таза адамдар келүүсү керек”,-деп билдирди. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүү менен алдыда боло турган шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. 

Анын айтымында, шайлоочулар 2 бюллетень аркылуу (бир мандаттуу жана пропорционалдуу) шайлоого катыша алат. Өлкө боюнча 36 мандаттуу шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округда 100 миңдин тегерегеинде шайлоочу бар. Нарын облусунда 209 миң шайлоочу болгондуктан эки шайлоо округу: №32-Кочкор жана №33-Нарын шайлоо округдары түзүлгөн. Шайлоочулар 19-сентябрдан 12-ноябрга чейин шайлоо комиссияларынан тизмелерин тактай алышат. 

Жыйында облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев шайлоону өз деңгээлинде  уюштуруп өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын, бул жолку шайлоо дагы таза, айкын өткөрүлөөрүн билдирди. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун басма сөз кызматы.