16

Октябрь

2021

Облус жетекчиси "Турук" көмүр кесиминдеги көмүр казуу ишинен кабар алды

Нарын облусунун жетекчиси Сабыркул Ашимбаев 16-октябрь күнү “Турук” көмүр кесиминдеги абалды жеринде көрүп, ал жердеги көмүр ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды. 

“Турук” көмүр кесиминде учурда 2 компания иш алып барууда. Алар: “Турук-Майнинг” жана “Кенч-строй” ишканалары. Ал эми бул жерде катталган “Сардар” жана “Ырыс кен” ишканалары өткөн жылдан бери иш алып барган жок.  

“Турук-Майнинг” ишканасы тарабынан үстүбүздөгү жылдан 5-августунан 5-октябрына чейин 7100 тонна көмүр казылып, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунун бюджеттик мекемелерине көмүр отуну тартылган. Тилекке каршы, ишкананын көмүрдү талкалап чыгарган кубаттуу техникасы бузулуп калгандыктан 5-октябрдан бери тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, көмүр жүктөп чыгаруу иши токтоп калган.  

Ал эми “Кенч-строй” ишканасы тарабынан дагы көмүрдүн үстүңкү катмарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жолугушууда көмүр ишканаларынын өкүлдөрү көмүр жылдан жылга тереңдеп бараткандыктан үстүңкү катмары катуу болуп, ошондой эле казуу иштеринде таш чыгып калып техникалар тез-тез иштеп чыгып жатканын билдиришти. 

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев көмүр ишканаларынын жетекчилеринен ишти ылдамдатып, элди көмүр отуну менен тез арада  камсыздап берүүлөрүн өтүндү.
 “Турук-Майнинг” компаниясынын өкүлдөрү техника оңолсо эле көмур казуу ишин баштаарын айтышты. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.