20

Октябрь

2021

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош шаарындагы М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө региондун социалдык-маданий объектилеринин иши менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ош шаарындагы М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында өткөн тарых предмети боюнча ачык сабакка катышты.

Андан соң Эдил Байсалов жаңы корпус менен таанышып, жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында имараттарды мезгил-мезгили менен желдетип туруу зарылдыгына токтолду. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ар бир окуучунун билим алуу сапатын жогорулатууга жана мектеп мугалимдери квалификациясын жогорулатуусу боюнча курстардан тутумдуу өткөрүлүп турушуна өзгөчө басым жасоону талап кылды.