20
Октябрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлери!
Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексинин кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.
Агроөнөржай комплекси – атамекендик экономиканын алдыңкы жана стратегиялык тармагы.
Республиканын калкынын жарымынан көбү айыл жергесинде жашайт жана эмгектенет. Анын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. Айыл тургундары талаада, мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү ишканаларында аба-ырайынын шартына карабастан, айрым учурда дем алышсыз оор, ошол эле учурда урмат-сыйга татыктуу жумуш аткарышат.
Үстүбүздөгү жылы айыл чарба кызматкерлери туруктуулукту, өжөрдүктү жана жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүштү. Аба-ырайындагы жагымсыз шарттарга карабастан, айыл чарба жана тамак-аш кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлери өлкө калкынын азык-түлүккө карай муктаждыгын гана камсыздабастан, экспорттук оңдуу потенциалды сактай алды.
Бүгүн ички дүң продукция тутумундагы агроөнөржай комплексинин үлүшүн 30%га дейре жогорулатуу милдети турат. Коюлган максатка жетишүү үчүн өздүк өндүрүш кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана агрардык сектордун экспорттук потенциалын жакшыртуу зарыл.
Айыл чарба тармагы продукциянын эффективдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу жолуна түшүшү керек. Агроөнөр жай комплексинде иштегендердин тажрыйбасы жана кесипкөйлүгүнө негизделген инновациялык ыкмалар айыл чарбасына ийгилик жана гүлдөп-өнүгүү алып келет деп ишенем.
Кымбаттуу айыл чарба кызматкерлери,
Сиздердин эмгегиңиздер чындыгында баа жеткис, кыйын шарттарда сиздер күнүмдүк жана татаал ишиңиздерди аткарып келесиздер. Сиздерге чын ниеттен ыраазычылык билдиребиз!
Сиздерге жана жакындарыңызга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана ишиңиздердеги ийгиликтерди каалайм!»