23
Октябрь
Беларусиянын Премьер-министри Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.
Беларусь Республикасынын Премьер-министри ар кандай форматта конструктивдүү биргелешкен ишке даяр экенин ырастап, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.
«Сиздин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз өлкөнүн натыйжалуу өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем», – деди ал.
Роман Головченко Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.