23
Октябрь
2021
Нарын районунун Миң-Булак айылына социалдык комплекстин пайдубалы түптөлдү
23-октябрда Нарын районунун Миң-Булак айылына “Катар Черити” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен социалдык комплекстин пайдубалы түптөлдү.
Буюрса, жаз алды менен жалпы суммасы 35 миллион сомдук долбоордун, тактап айтканда, 120 орундуу мектептин, 50 орундуу бала бакчанын, бардык шарты бар фельдшердик-акушердик пункттун жана ашкана, мечит сыяктуу социалдык объектилердин курулушу башталат.
Курулуш куруу үчүн Миң-Булак айылынын Арал-Там аймагынан 3 гектардан ашык жер аянты чечилип берилген. Айыл аймагынын башчысы Курманбек Кудайбергенов билдиргендей, социалдык объектинин айлана-чөйрөсүн коруу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, суу тартып келүү жумуштары айыл өкмөтү тарабынан аткарылат.
Капсула салуу иш чарасына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, "Катар Черити” кайрымдуулук фондунун директору Алсамман Мохамад Хоман мырза, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров жана айыл тургундары катышты.
Иш чарада облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев “Катар Черити” кайрымдуулук фонду тарабынан буга чейин дагы Нарын облусуна көп социалдык обьектилер курулуп, материалдык колдоо көрсөтүлүп келгенин белгилеп, фонддун жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кызматташтык уланаарына жана башталган иш жемиштүү жыйынтыкталаарына тилектештигин билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган фонд тарабынан Нарын районунун Жалгыз-Терек айылына ФАП курулган. Жумгал районунун Лама айылына таза суу системасы орнотулган. Кочкор районунун Кум-Дөбө, Кара-Күнгөй, Төлөк, Эпкин айылдарына мектеп жана ФАПтар салынып берилген. Ат-Башы айылынын Большевик айылына мектеп, Ат-Башы айылына кесиптик лицей курулууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.