29
Октябрь
Кувейттин Премьер-министри Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады
Кувейт Мамлекетинин Премьер-министри Сабах Халид аль-Хамад Аль-Сабах Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү.
Кувейт Мамлекетинин Премьер-министри эки өлкө ортосундагы мамилелерди чыңдоо максатында жалпы кызыкчылыктарды туудурган бардык маселелер боюнча биргелешкен иш алып барууга ишенимин билдирди.
«Учурдан пайдалануу менен Сизге эли-журтуңуздун максат-үмүтү ишке ашырылуучу, маанилүү жана жооптуу кызматтагы ишиңизде ийгиликтерди каалайм. Эки өлкө элдерин байланыштырып турган ар кыл тармактагы тыгыз достук мамилелер өзгөчө мааниге ээ», - деп айтылат куттуктоодо.
Сабах Халид аль-Хамад Аль-Сабах Акылбек Жапаровго ден соолук, бакубаттуулук жана Кыргыз Республикасына келечекте өнүгүп-өсүүнү каалады.