29

Октябрь

2021

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Акылбек Жапаровду Министрлер Кабинетинин башчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Акылбек Жапаровго Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу  куттуктоо катын жөнөттү.   

 КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян белгилегендей, дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 29 жыл аралыгында эки өлкөнүн биргелешкен күч-аракетине жараша кыргыз-кытай мамилелери ар дайым сергек жана туруктуу өнүгүү динамикасына ээ болуп келген.

«Сиз менен тыгыз жумушчу байланыштарды бекемдөөгө, эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты үзгүлтүксүз тереңдетүүгө жана чыңдоого, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдөгү жаңы ийгиликтерди илгерилетүүгө даярмын», – деди ал.   

 Ли Кэцян Акылбек Жапаровго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.