01

Ноябрь

2021

Марсбек уулу Ильич айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу Ильич ээлеген кызматынан бошотулду.

Чечим Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муинципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна (ишеним жоготуу) ылайык кабыл алынды.