29
Октябрь
Арзыбек Кожошев Айтурган Темировага Франциянын искусство жана адабият Орденинин офицери наамын тапшыруу салтанатына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темировага Франция Республикасынын искусство жана адабият Орденинин офицери наамын тапшыруу салтанатына катышты.
Айтурган Темирова Кыргыз Республикасындагы Франциянын искусство жана адабият Орденинин офицери наамына ээ болгон жалгыз адам болуп саналат.
Ордендин офицери наамы Кыргыз Республикасындагы Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус тарабынан тапшырылды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Франциянын Элчисине биздин мекендешибиздин эмгеги баалангандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Айтурган Темирова кыргыз элинин сыймыгы жана үлгү болчу инсандардан болуп саналаарын белгиледи.