06

Ноябрь

2021

Акылбек Жапаров жана Усмонали Усмонзода аймактар аралык өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Усмонали  Усмонзода менен «Европа биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу жүрдү, эки республиканын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды.

Тараптар эки эл ортосундагы ишенимди чыңдоо жана жергиликтүү тургундар арасында чыңалууну алып келүүгө багытталган ар кандай аракеттерге тыюу салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.