13
Ноябрь
Азиз Аалиев Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы менен «Алматы - Ысык-Көл альтернативдик жолу» долбоорун илгерилетүүнү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жана Кыргыз Республикасындагы Азия өнүктүрүү банкынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында «Алматы - Ысык-Көл альтернативдик жолу» долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Алматы - Ысык-Көл альтернативдик жолунун долбоору тартууланып, аны ишке ашыруунун техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Долбоор өлкөнүн туристтик, транспорттук жана соода потенциалына оңдуу таасирин тийгизет. Министрлер Кабинети аны ишке ашыруга ар тараптуу колдоо көрсөтөт», - деп белгиледи Азиз Аалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдарга аны ыкчам ишке берүү боюнча тийиштүү иш жүргүзүүнү тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ортосундагы кызматташуунун башка маселелери да талкууланды.
Маалымдама:
Өткөн жылдын декабрь айында жарыяланган АӨБ отчетуна ылайык, Алматы шаарын жана Ысык-Көл облусун бириктирген альтернативдик жол республиканын ИДПсын 53-439 млн долларга жогорулата алат, ошондой эле жол кире наркын жана ага кеткен убакытты кыскартып, бул өз ара каттамдардын жыштыгынын көбөйүшүнө алып келет.
Жаңы жол аймактык экономиканы өнүктүрүү инструменти болуу менен катар туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү болот.