14

Ноябрь

2021

Акылбек Жапаров «Балыкчы - Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Балыкчы - Каракол» жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган «Балыкчы - Барскоон» унаа жолунун тилкесин барып көрдү.  

Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө.

Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат.

Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.