19
Ноябрь
Акылбек Жапаров: Ички рыноктун тоскоолдуксуз иштеши маселеси актуалдуу саналат жана аны чечүү үчүн кардиналдуу жана прагматикалык мамиле талап кылынат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңири форматтагы жыйынына катышты.
Төмөндө анын кеңешмедеги сөзүнүн толук текстин келтиребиз:
"Урматтуу Аскар Узакпаевич!
Урматтуу кесиптештер жана кеңешменин катышуучулары!
Сиздерге Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында дагы бир жолу чын жүрөктөн салам айтууга, армян тарапка жана Армения Республикасынын Премьер-министри, урматтуу Никол Воваевич Пашинянга салттуу меймандостугу жана иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер!
Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, урматтуу Михаил Владимирович Мясниковичке жана анын командасына кеңешмени мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.
Урматтуу кесиптештер!
Акыркы жылдары коронавирустук пандемиянын жайылышынан жана андан кийинки товардык рыноктордогу туруксуздуктан, соода жана өндүрүш чынжырларынын начарлоосунан улам бардык өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн басаңдашы белгиленди.
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө ички дүң продукциянын төмөндөшү орун алды, аны менен катар белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы белгилүүдеңгээлде оңдуу көрсөткүчтөр байкалып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер акырындык менен калыбына келүүдө.
Алсак, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,7%га өскөн. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында экспорт - 38,5%га, импорт 24,5%га өскөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,8%га өскөн. Экспорт - 30%га, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт 24,5%га өскөн.
Ошону менен бирге дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү мезгили жаңы чакырыктарга алып келгенин жана жаңы системалуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын белгилегим келет: алардын катарына энергетика рыногундагы жана энергобулактар рыногундагы кризис, азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн жетишсиздиги, глобалдык кийинкиге калтырылган суроо-талаптын таасири жана туруктуу соода жана логистикалык маршруттардан көзкарандылык менен шартталган инфляциялык импорт кирет.
Бул факторлор биздин интеграциянын макроэкономикалык туруктуулугуна олуттуу таасирин тийгизет жана өлкөлөрдүн экономикасына тышкы таасирди минималдаштыруу боюнча чаралардын комплексин, ошондой эле ЕАЭБ жалпы товардык баланстары алкагында биздин рынокторду комплекстүү камсыздоо механизмдерин биргелешип иштеп чыгуубуз керек.
Урматтуу кесиптештер!
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин бүгүнкү жыйынында биз 20дан ашуун маселени талкууладык, алардын көбү азыркы эл аралык күн тартибинин талаптарына жооп берет жана биздин Биримдиктин келечектеги өнүгүүсүнө багытталган.
Тактап айтканда, Биримдиктин аймагы аркылуу товарлардын өтүү эркиндигин камсыздоодо санариптик чечимдерди ишке ашыруу, биздин өлкөлөрдүн өндүрүштүк кубаттуулуктарын зарыл сырье менен камсыздоо талкууланды, Биримдиктин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн болжолдору каралды, климаттык күн тартибинин алкагында Биримдикке мүчө мамлекеттердин позициялары жана башка маселелер талкууланды.
Биз бул маселелерге тийиштүү көңүл бурбай коё албайбыз, анткени биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы алардын ар биринин чечилишине жараша болот.
Урматтуу достор,
Белгилей кетсем, 2021-жылдын 14-октябрында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин климаттык күн тартиби боюнча билдирүү жасашкан.
Климаттык күн тартибин илгерилетүү үчүн активдүү чараларды демилгелөө маанилүү саналат. Атап айтканда, “жашыл экономикага” жана төмөнкү көмүртектүү өндүрүшкө инвестиция тартуу, ошондой эле климаттын өзгөрүү процессин жумшартуу жана адаптациялоого багытталган чараларды күчөтүү зарылдыгына токтолгум келет.
Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгы алдында келерки жылы пландаштырып жаткан Евразиялык климаттык форумдун алкагында глобалдык климаттык күн тартибин ишке ашыруу боюнча өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана ыкмаларыбызды кененирээк талкуулай алабыз.
Ушуга байланыштуу бул Форумга Биримдикке мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБ байкоочу-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн, ошондой эле ЕЭК Комиссиясынын активдүү катышуусуна үмүттөнөбүз.
Урматтуу кеңешменин катышуучулары!
Бүгүнкү жыйында Биримдиктин ички рыногунун ишиндеги тоскоолдуктарды, алып салууларды жана чектөөлөрдү жоюуга байланыштуу маселелер талкууланды.
Дээрлик 7 жылдан бери ички рыноктун тоскоолдуксуз иштөө маселеси эң актуалдуу бойдон калууда жана аны чечүү үчүн кардиналдуу жана прагматикалык мамиле талап кылынат.
Коллегия Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин бул багыттагы демилгелерине кылдат талдоо жүргүзүүсү жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында үстүбүздөгү жылдын жай айларында бекитилген ЕАЭБдин ички рыногундагы алып салуулардын жана чектөөлөрдүн тизимине толуктоолорду биздин карообузга киргизилишин зарыл деп эсептейм.
Ошондой эле, белгилеп кетсем, биз тараптан ички талапты камсыздоо максатында үчүнчү өлкөлөргө карата кабыл алынып жаткан тарифтик жана тарифтик эмес чаралар Биримдик мейкиндигинде өз ара соода жүргүзүүдө чектөө чараларын пайдалануу тажрыйбасынан тыш болуп, ЕАЭБ ичинде аталган товарлардын түрүнө ички муктаждыкты тийиштүү деңгээлде камсыздоого мүмкүндүк берүүдө.
Натыйжада бул механизм азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, өндүрүштүк кубаттуулуктарыбызды керектүү сырье менен камсыздоого, калктын фармацевтикалык продукцияга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берет.
Электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча өтө маанилүү жана актуалдуу маселе көңүл сыртында калган жок. Бекитилген жол картасын толук кандуу ишке ашыруу биздин интеграциялык мейкиндикте электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөөрүнө ишенем.
Ошону менен бирге жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар бул тармактын өнүгүшүнө тоскоол болбошу керектигин белгилеп кетким келет. Башкарууну күчөтүү дайыма эле өнүгүү темпин тездетүүгө алып келе бербейт, ушуга байланыштуу тиешелүү пилоттук долбоорлордун негизинде сунушталган чаралардын тийгизген таасирин тыкыр талдоо жүргүзүүнү эске алуу менен, электрондук коммерциядагы алымсыз сооданын босогосун төмөндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алууну зарыл деп эсептейбиз.
Урматтуу кесиптештер!
Биз колдонгон товарларды маркировкалоо механизми товарлардын көмүскө жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүдө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн баса белгилей кетейин.
Үстүбүздөгү жылы Россия Федерациясы тарабынан зергер буюмдарын жана асыл таштарды, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо маселеси демилгеленген, ал эми Кыргыз Республикасы пиво азыктарын жана фармацевтикалык каражаттарды маркировкалоо боюнча сунуштарды демилгелемекчи.
Буга байланыштуу мен Сизден, урматтуу Михаил Владимирович, Коллегиянын Төрагасы катары, бул демилгелерди тез аранын ичинде Комиссиянын Кеңешинин кароосуна коюуну өтүнөм.
Урматтуу кесиптештер!
Келерки жылы Кыргыз Республикасы Биримдиктин органдарына төрагалык кылат жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин акыркы жыйыны бүгүн өтүп жаткандыгын эске алуу менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри, урматтуу Аскар Узакпаевич Маминге үстүбүздөгү жылдагы жемиштүү иши үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирип кетким келет жана Кыргыз Республикасы төрагалык эстафетасын кабыл алган соң, Биримдиктин максаттарын жана милдеттерин жолдоп, Евразиялык экономикалык биримдиктин келечектүү өнүгүү багыттарын ишке ашырууну уланта берерин билдирип кетем.
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат".