22

Ноябрь

2021

Максат Кадыркулов Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин биринчи орун басары Кадыркулов Максат Турганалиевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.