25
Ноябрь
Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 «Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.
Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.
Буга катар мамлекеттик социалдык камсыздоону башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө Жобо бекитилген.