26
Ноябрь
Эдил Байсалов: Министрлер Кабинети эл аралык кызматташтыктын токтоп турган долбоорлорун ишке киргизүү маселесин чечет (сүрөт жаңыртылган)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын элчиси милдетин аткарууга киришкен Габриэла Геллил менен жолугушту.
Эдил Байсалов билдиргендей, кыргыз тарап Германия менен негизги эл аралык өнөктөштөрдүн бири катары кызматташуу, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо маселесине өзгөчө маани берет.
Ал жакын арада Глазго шаарында өткөн СОР26 климаттык саммитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргыз элинин атынан ФРГ мурдагы канцлери Ангела Меркелдин олуттуу салымын суктануу менен белгилеп, ага чың ден соолук жана ишиндеги ийгиликтерди каалап кеткендигин эске салды.
Өз кезегинде ФРГ элчиси перинаталдык борбор жөнүндө маселеге көңүл бурду (долбоордун даярдыгы – 93%), анда кире бериш жолдорун куруу жана шаардык инженердик жана коммуналдык тутумдарга кошуу боюнча маселелердин чечилбегендигине байланыштуу 3 жыл бою толук кандуу иш башталбай турат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары эске салгандай, бул маселеге мурдагы өкмөттөр тийиштүү көңүл бурбай келген.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, аны кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулады. Атап айтканда, республиканын аймактарында саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушун каржылоо жаатында бир катар сунуштар айтылды.