27
Ноябрь
Арзыбек Кожошев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко менен коомдук транспортту жана айыл чарба техникаларын жеткирүү маселесин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчко менен жолукту.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да катышты.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин Ереванда өткөн жыйынынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары кыргыз тарап Кыргызстанга беларус автобустарын жана айыл чарба техникаларын жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Андрей Страчко бул маселелерди жакынкы аралыкта иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.
«Биз үчүн бул дагы келечектүү долбоор, биз аны ишке ашырууга кызыкдарбыз», - деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.