28
Ноябрь
Министрлер Кабинети COVID-19 жаңы штаммынын маселеси боюнча ДССУ менен шашылыш консультацияларды өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жаңы «omicron» штаммы пайда болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрү менен актуалдуу маалымат жана жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу маселесине тийиштүү шашылыш консультацияларды өткөрдү.
Эскертсек, жакында COVID-19 жаңы «omicron» аталыштагы штаммы ДССУ тарабынан «кооптонууну жараткан» штаммдардын катарына киргизилген.
Кыргызстандагы ДССУ өлкөлүк кеңсесинин башчысы Назира Артыкова билдиргендей, республикадагы туруктуу эпидемиологиялык абалга карабастан, инфекциянын таркалышынын алдын алуу максатында республиканын калкы арасында иммундаштыруу процессин тездетүү зарыл, анткени, «omicron» штаммы COVID-19 башка штаммдарына салыштырмалуу ыкчам жайылуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары билдиргендей, Министрлер Кабинети тарабынан эртең жаңы штаммдын пайда болушуна байланыштуу ресурстарды мобилизациялоо жана чараларды активдештирүү боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынат.
Ал Саламаттык сактоо министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине тийиштүү сунуштарды киргизүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды.
Ошондой эле тараптар COVID-19 каршы күрөшүүнүн бирден-бир эффективдүү ыкмасы болуп массалык вакцинация саналат деген пикирге келишти.
«Биз талдоо жүргүздүк жана акыркы айларда вакцина албагандардын арасында өлүмдөр катталып жаткандыгына так далилдерди алдык. Вакцина аркылуу өмүрлөр сакталып, оору жуккан күндө да ал жеңил формада өтөт», - деди Эдил Байсалов.