01
Декабрь
2021
Арзыбек Кожошев жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович менен Евразиялык экономикалык кеңештин алкагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалык кылуусун талкуулады.