03

Декабрь

2021

Акылбек Жапаров: Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир адамдын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарты болуусу тийиш

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы аркылуу бекитилген Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу чакырылган Максат Айылчиев, Сүйүмкан Токтобаева жана Керезбек Рысалиевдер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров белгилегендей, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата мамиле коомдун жетилгендигинин көрсөткүчү болуп саналат.

Ал ар бир адамдын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүү – мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринни бири экендигин кошумчалады.

"Албетте, бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да тиешелүү. Биз ар бир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашоонун бардык чөйрөсүндө, анын ичинде спортто, чыгармачылыкта, искусстводо жана мамлекеттик иштерде өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыра ала тургандай шарттарды түзүүбүз керек", - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн ай сайын берилүүчү социадык жөлөк пулдардын өлчөмү 100%га жогорулатылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, мамлекет мындан ары карай майытуулугу бар жактар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча иш алып барат, буга катар келечекте социалдык жөлөк пулдарды жогорулатуу маселеси каралмакчы.