03
Декабрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Космикалык интеграция» ишкер форумуна катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңешинин ишкер форумуна катышты.
Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев дүйнөлүк космостун потенциалын элдин жана коомчулуктун бакубаттуулугу үчүн пайдалануу боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин күч-аракетин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле аталган багыттагы республиканын салымын кошумчалады.
Атап айтканда, ал совет мезгилиндеги космосту тынч өздөштүрүү жана өнүктүрүүгө, өлкө аймагында космонавттардын машыгуусун жана даярдыгын өткөрүүгө байланыштуу долбоорлорго Кыргыз Республикасынын катышуусу тууралуу айтып берди.
Биздин өлкөбүздүн географиялык абалынын жана климатынын өзгөчөлүктөрү космонавттарга бийик тоолуу жана жагымдуу абада машыгууга мүмкүндүк бере тургандыгы баса белгиленди.
Арзыбек Кожошев айрыкча кыргызстандык космонавт Салижан Шариповдун сиңирген эмгегин, космостук программаны ишке ашыруудагы жеке салымын белгиледи.
Иш-чарага Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, космостук ишмерлик боюнча «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Рогозин, министрлик жана ведомстволордун, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.