04

Декабрь

2021

Арзыбек Кожошев жана Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз-орус кызматташтыгы маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына (Россия Федерациясы)  жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар стратегиялык кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан ары карай өнүктүрүү маселесин талкуулады. Анда Бишкек шаарында Кайчылаш жылдын жабылыш аземин өткөрүү, 2022-жылдын февраль айында Москвада Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштуруу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, жолугушуу алкагында Россия Федерациясынын Федералдык салык кызматынын салык башкаруу методологиясын колдонуу боюнча бетачары өткөрүлдү.