08

Декабрь

2021

Нур-Султанда бир катар макулдашууларга жетишилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө орун алган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планы («Жол картасы»); 

2. 2022-2024-жылдарга «Алматы-Бишкек» Экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү ортосундагы Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим; 

4. «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы.