09

Декабрь

2021

2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоору коомдук талкуудан өтөт

2021-жылдын 13-декабрында «Sheraton» бизнес-борборунда Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоору коомдук талкуудан өткөрүлөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы аркылуу Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бекитилген.

Ошондой эле 2021-жылдын 14-декабрына, саат 10го чейин КР 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбооруна сунуш-пикирлериңиздерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүңүздөр: 2026plan@gmail.com.