11
Декабрь
Министрлер Кабинетинин башчысы геологиялык үлгүлөрдү даярдоо лабораториясын ачуу салтанатына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» ЖЧК геологиялык үлгүлөрдү жана элементтердин платина тобуна пробирдик анализ даярдоочу сынамык лабораториясынын ачылыш салтанатына катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, лабораториянын иши геохимиялык анализдер жаатында жогорку сапаттуу тейлөө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана жаңы жумушчу орундарды түзүү менен өлкөдөгү өнөр-жай борборунун бири – Кара-Балта шаарынын экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошот.
Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Финляндия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сойли Мякеляйнен-Буханист катышты.
Акылбек Жапаров белгилегендей, республика экономикасы өнүккөн жана алдыңкы билим берүү тутумуна ээ Финляндия Республикасы менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.
Маалымдама. «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лэборэторис» - сынамык лабораториясы геохимиялык кызмат көрсөтүү рыногундагы көзкарандысыз аналитикалык лаборатория.
Анын негизги иш багыттары - техникалык сыноо жана геохимиялык анализдер, үлгүлөрдү анализдөө жана металлургиялык сыноо.