13

Декабрь

2021

Эдил Байсалов «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин жаңы жетекчисин тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин жамаатына жаңы дайындалган жетекчи Талантаалы Бакчиевди тааныштырды.

Талантаалы Бакчиев - манасчы, «Манас» эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору.

Эдил Байсалов Талантаалы Бакчиевге ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.