14
Декабрь
Республикага 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди
Кыргыз Республикасына COVID-19 каршы 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы жеткирилди. «Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардам тапшырылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде сөз сүйлөп, Кытай Эл Республикасына төртүнчү ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Эдил Байсалов кыргызстанцыктарга кайрылып, өздөрүн жана жакындарын, өзгөчө, улгайган жана өнөкөт оорулары бар жарандарды эмделүүгө чакырды.
«Биз келерки жылдын январь айынын орто ченинде жаңы «omicron» штаммынын пайда болушун күтүүдөбүз. COVID-19 инфекциясынын күчөшү ыктымал жана ага чейин жарандар эмдөөдөн өтүүгө үлгүрүшү керек. Өнөкөт оорулардын болушу эмдөөгө каршы көрсөткүч болуп саналбайт, тескерисинче, жарандардын бул категориясы тобокел топко кирет жана алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь көрсөтүлгөн жардам эмдөө процессине оң таасирин тийгизет жана республиканын жарандарынын ден соолугун коргойт деген ишенимин билдирди.