15

Декабрь

2021

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары (фото/видео)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары жыйынтыкталды. 

Сапар алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар орун алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышты, ошондой эле Дубай шаарынын полициясынын «Smart City» «Акылдуу шаар» борборуна жана Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» жогорку технологиялык экошаарчасына барды.