16

Декабрь

2021

Манас Усенов «Туратали базары» МИ директору кызматынан бошотулду

Усенов Манас Тураталиевич Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Туратали базары» мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду. 

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.