18
Декабрь
2021
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун реформалоо боюнча кеңешмени өткөрдү.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Оскомбаева медициналык камсыздандыруу тутумундагы сунушталып жаткан жаңы өзгөртүүлөр боюнча бетачарды тартуулады.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.