21
Декабрь
16 жашка чыга элек балага берилүүчү жалпы жарандык паспорттун жарактуу мөөнөтү өзгөртүлдү
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылкы үлгүдөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Документ «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Өзгөртүүлөргө ылайык, 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт бала төрөлгөн учурдан тартып ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө, ал эми бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө таризделет.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрүүсү тапшырылды.
Токтом 2021-жылдын 25-декабрынан тарта күчүнө кирет.