24

Декабрь

2021

Жалал-Абадда облус башчысынын балдарга арналган балаты майрамы өттү

Бүгүн, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин балдарга арналган жаңы жылдык балаты майрамы өттү. 

Саамалык облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында уюштурулуп, сахналаштырылган жаңы жылдык жомок, концерттик программа жана ыр-бийлер менен коштолду.

Балаты майрамына 200гө жакын облустун район-шаарларынан келген окуунун алдыңкылары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары катышты. 

Облус өкүлү жаш жеткинчектерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап,  Жалал-Абад облусунда келечек муундардын татыктуу билим алуусуна түзүлүп жаткан шарттар тууралуу айтып берди. Балдарды мыкты билим алып, жакшы жүрүм-турум менен, досторуна үлгү болуп, ата-энелери, жалпы өлкө сыймыктанган уул-кыздардан болушун тиледи. 

Бул жылы Жалал-Абад облусунун башчысынын жаңы жылдык белектери жалпы 500 балага даярдалган. Алар аз камсыз болгон, алдыңкы окуучулар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга таратылат.