24
Декабрь
Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмеси өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.
Жыйындын күн тартибине ылайык 29 маселе каралды.
Министрлер Кабинетинин жыйынында 100% мамлекеттик үлүшү бар «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун түзүү чечими кабыл алынды.
Уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн бул ишкана өнөр жай ишканаларын колдоп, өнүктүрөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Антикризистик иш-чаралар планынын 94 жана 95-пункттарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жайгашкан «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсын реструктуризациялоо боюнча инвестициялык конкурска катышуусу жөнүндө чечим кабыл алынды, завод Жалал-Абад облусунун райондор аралык сотунун 2009-жылдын 16-февралындагы чечими менен банкрот деп табылган.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, аталган завод республика үчүн стратегиялык мааниге ээ, буга байланыштуу ишкананы сатып алуу жана аны реабилитациялоо долбоорун иштеп чыгууну үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре жыйынтыктоо зарыл.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин жыйынында жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору каралды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүлдү.
Автомектептерди лицензиялоо чөйрөсүндөгү функциялар да Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өттү.
Аталган чечимдер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу кеңешмеси өтөт, анда 2021-жыл үчүн Министрлер Кабинетинин ишмерлигинин жыйынтыгы чыгарылат.
Бул жыйында ошондой эле Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилмекчи.