25
Декабрь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйынтык кеңешмесинде отчет берди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтык кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров отчет берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз отчетунда белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары: экономиканы өнүктүрүү, бизнес-чөйрө үчүн жагымдуу шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, аймактарды, ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоого алууну аныктады.
«Кыска мөөнөттө белгилүү натыйжаларга жетише алдык, анткени 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ИДП –8,6% түзгөн. ИДПнын төмөндөшү март айынан баштап токтоду. Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүшү 2,4%ды түздү», - деди ал.
Акылбек Жапаров кошумчалагандай, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1,9 млрд сом өлчөмүндө кошумча колдоо бөлүнгөн.
«2021-жылдын сугат мезгили бизге жакшы сабак болду. Ирригациялык системаларды оңдоого 100 миллион сом бөлүнгөн. Мындан ары жайкы мезгилге даярдык кышкысын башталат. Күз-кыш мезгилине карата даярдыкка да ушундай эле мамиле талап кылынат. Күзгө чейин келерки жылытуу мезгилине карай бардык даярдыктар жыйынтыкталат. Көмүр менен камсыз кылуу боюнча быйыл түзүлгөн кырдаалга келечекте жол берилбейт», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы аграрадык өлкө болгондугуна карабастан, агроөнөр жай секторун өнүктүрүү төмөнкү деңгээлде турат.
«Бул көйгөйдү чечүү үчүн кластердик механизмдин концепциясы бекитилип, ага ылайык ишканаларды иш түрлөрү боюнча – 9 негизги кластерге, анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу ишканаларга бөлүштүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү», - деди ал.
Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан «Айыл банк» мамлекеттик банкынын директорлор кеңешин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри жетектөөсү тууралуу сунушу колдоого алынды.
«Натыйжада, министр айыл чарба тармагын өнүктүрүү, анын ичинде айыл чарба техникаларын лизингге берүү, азык-түлүк коопсуздугун, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген насыялар менен камсыздоо, айдоо аянттарын аймактар боюнча пландаштыруу боюнча реалдуу механизмдерге ээ болот», - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы тоо-кен тармагын өнүктүрүү маселесине кеңири токтолуп, 2021-жылы «Centerra Gold» компаниясынан 8,9 миллиард сом киреше пландалгандыгын, бирок тышкы башкаруу системасы ишке киргизилгенден кийин мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү 13,5 миллиард сомду түзгөнүн, бул 4,6 миллиард сомго жогору экендигин белгиледи.
28 жылдын ичинде энергетика тармагында 2,2 млрд АКШ доллары өлчөмүндө тышкы карыз алынган, ошол эле учурда 70% техникалык жабдуулар эскирген абалда. 2021-2022 –жылкы күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн бюджеттен 3,3 млрд сом каражат берилген, бирок калктын көмүр менен жетишсиз камсыздоо тармактагы бардык көйгөйдү ачып көрсөттү.
«Бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды 1,7 млрд сомго оптималдаштыруу жүргүзүлдү, ал тышкы карызды жабууга багытталат», - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, республика тарыхында алгач ирет 17 млрд сомдук уставдык фонду менен Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды.
«Мамлекет өзүнүн социалдык милдеттенмелерин толук аткарууда. Пенсиялардын өлчөмү, маданият тармагынын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жана аскер кызматчыларынын тамак-ашынын нормасы жогорулатылды, мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», - деп белгиледи ал.
Салык салуу тармагында Министрлер Кабинетинин башчысы көмүскө экономикадан чыгаруу менен мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн баса белгиледи.
«Министрлер Кабинети салык өлчөмүн жогорулаткан жок жана кошумча салыктарды киргизген жок. Мамлекеттин бирден-бир талабы – салыктын чыныгы көлөмүн жашырбай, бюджетке төлөө. Мисалы, алкоголдук сектордон салыктык чегерүүлөрдүн көлөмү жыл сайын азаюуда. Ошол эле учурда өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктердин көлөмү жана ага карата суроо-талап өсүүдө. Демек, салыктык кирешенин айырмасы казынага түшпөй, жашырылып турат. Биз буга каршыбыз. Бардык салыктык кирешелер мамлекеттик бюджетке түшүүсү керек", - деди Акылбек Жапаров жана салыктардын жашырылышы мамлекеттик чыккынчылык катары кабылдана тургандыгын кошумчалады.
Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле мамлекеттик кызматтарды жана документ жүгүртүүнү санариптештирүү темасына кайрылды.
«Өткөн жумада Дубай эмиратында толук электрондук документ жүгүртүү системасы ишке киргизилгендигине күбө болдук. Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги мындан ары кагазга басылган документтерди колдонбойт, бардык документтер электрондук түрдө болот. Биз ага умтулушубуз керек», - деди Акылбек Жапаров.
Ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жаңы жылдан тарта толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт жана Президенттин жана Өкмөттүн Аппараты бириктирилип, иш принциби өзгөртүлгөн соң ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууну тездетүүгө шарт түзүлдү.