27
Декабрь
Арзыбек Кожошев ККМ-аппараттарды милдеттүү пайдаланууга каршы митингге чыккан жарандар менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев контролдук-кассалык аппараттарды милдеттүү пайдаланууга каршы митингге чыккан ишкерлер менен жолугушту.
Арзыбек Кожошев жарандардын сунуш-пикирин угуп, өлкөнүн фискалдык саясатында жаңы кадамдарды киргизүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.
Жарандар ага Мамлекет башчынын атына жазылган кайрылууну тапшырды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, кайрылууну карап чыгуу жыйынтыгы боюнча, Экономика жана коммерция министрлигинде ишкерлер менен жолугушуу өтүп, анда аларды тынчсыздандырган бардык маселелер боюнча талкуу өтөт.